Жаңылыктар
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде акча бөлөт
Экономика
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз негизде акча бөлөт

Билдирүүгө караганда, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда техникалык-экономикалык кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. 

Анын алкагында 350 миллион юанга Бишкек шаарындагы жолдор оңдолот. Мындан сырткары, Кум-Дөбө, Мынакелди жана Бурана шаарчаларындагы археологиялык эстеликтерди изилдөө боюнча да кызматташуу жүрөт. Бул багытка 100 миллион юань бөлүнөт. Келишимге экономика министри Олег Панкратов менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа кол койду.