Жаңылыктар
Талас шаарындагы айрым ички көчөлөр асфальтталып жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Талас шаарындагы айрым ички көчөлөр асфальтталып жатат

Белгилей кетсек, 2016-жылы Талас шаарында 50 жылдан бери жаңыртылбаган суу канализациялары атайын ири долбоор менен жаныртылып баштаган. Долбоор менен Талас шаарынын 23 миң метрден ашуун суу түйүнү жана 7500 метрге жакын канализация түйүнү курулуп бүтүүдө. 

Ушул эле долбоордун алкагында жаны курулган суу түтүктөру өткөн жолдор кайра калыбына келтирилмек. Бул багытта быйыл, Сатаев, Манас, Оторбай, Турдалиев көчөлөрүнө асфальт төшөлүүдө. Долбоордун жалпы баасы түтүктөрдү орнотуу, жолдорду калыбына келтирүү менен бирге 2 млн 600 миң еврону түзөт. Талас шаары боюнча 15 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөө пландалган.