Жаңылыктар
"Дүйнөнүн сулуу айымы - 2018" сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакирова автокырсыктан мерт кетти
Кырсык
"Дүйнөнүн сулуу айымы - 2018" сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакирова автокырсыктан мерт кетти

"Дүйнөнүн сулуу айымы - 2018" сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакирова жекшембиге караган түнү автокырсыктан мерт кетти. 

Бул маалыматты коомдук ишмер Ассоль Молдокматова социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жазды. 

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы дагы Сания Шакирова кабылган жол кырсыгын тастыктады. 

"Дүйнөнүн сулуу айымы – 2018" сынагынын жеңүүчүсү Сания Шакирова 30 жашта болчу. Анын артында үч баласы калды.