Жаңылыктар
«Коркут ата» спектакли Казакстанда өтө турган эл аралык фестивалга катышат
Маданият
«Коркут ата» спектакли Казакстанда өтө турган эл аралык фестивалга катышат

«Коркут ата» спектакли эл аралык "Самгау" фестивалына катышат. Белгилүү драматург Кайрат Иманалиевдин бүтүндөй түрк дүйнөсүнө таанымал болгон Коркут ата тууралуу жазылган чыгармасы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында режиссер Марат Козукеев тарабынан сахналаштырылган.

Аталган спектакль 10-16-июнь күндөрү Астана шаарында өтүүчү эл аралык "Самгау" фестивалына жолдомо алып, мыкты даярдык менен жөнөп кеткени турат. 

Аталган спектакль 2017-жылы да Казакстан шаарында өткөн эл аралык фестивалдардын бирине катышып, олжолуу кайткан. “Коркут Ата” спектакли  адамдардын аң-сезимине дүрбөлөң салуучу, оомал-төкмөл дүйнөдө кандай даражадагы адам болбосун акыры өлүм анын эшигин черте турган күн келерин эскертүүчү философиялык чыгарма. 

Ал "Коркут ата" деген ысымы менен жалпы түрк дүйнөсүнө таанымал, 9-кылымда жашап өткөн даңазалуу кыл кыякчы, дастанчы, күүчү болгон. Коркут жарык дүйнөгө келгенде ааламда алаамат болуп, жер үстүндөгү адамдардын эси чыккан. Коркут жөнөкөй бала эмес, керемет касиети бар, дүйнөгө кут алып келе турган уул катары сүрөттөлөт. 

Коркут табияттын мыйзамына каршы туруп, эртеби-кечпи келе турган өлүмдөн качууга аракет кылат. Спектаклде ал өзү издеген өлбөстүктү күүгө салып, чыгармаларында түбөлүккө калтырып, өлүмдү акыры жеңгендиги тууралуу баяндалат.