Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында күчү 4,5 баллга жеткен жер титиреди.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Шибе айылында 4,5 балл, Кулчу, Чак, Жаш-Тилек, Жар-Башы, Кара-Мык, Кара-Тейит айылдарында 4 балл, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме айылдарында 3,5 балл, Кабык, Ачык-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.