Жаңылыктар
С.Жээнбеков: "Милиция бөлүмүндөгү кыздын өлүмүнө күнөлүүлөрдүн баары катуу жазалансын "
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков: "Милиция бөлүмүндөгү кыздын өлүмүнө күнөлүүлөрдүн баары катуу жазалансын "

Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн ишмердигин коомчулуктун пикирин эске алуу менен бардык багыттар боюнча, анын ичинде Президенттин аймактарды өнүктүрүү боюнча Жарлыгын, “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү,коррупция менен күрөшүү боюнча чаралар жана милдеттер, “Таза коом” долбоорунун алкагында “Түндүк” программасын ишке ашырууну көзөмөлдөө ж.б. тармактарда кеңири анализ жүргүзүлгөндүгүн айтты.

Бардык багыттар боюнча программаларды жана долбоорлорду эффективдүү жана өз учурунда ишке ашыруу үчүн Өкмөттүн конкреттүү кадамдары иштелип чыкты. Экономика тармагындагы орчундуу маселелер, инвестициялык жана туристтик климатты сактоо жана бекемдөө, жарандардын жана чет элдик туристтердин туристтик мезгилде коопсуздугун күчөтүү, жолдордогу коопсуздук маселелери талкууланды. 

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле социалдык тармактын, анын ичинде балдарды коргоо боюнча маселелерге токтолду. 

Балдар үйлөрүндө жана интернаттарда ата-энесинин экөө тең бар балдар жетим балдарга караганда бар канча эсе көп. Жылдан-жылга балдар үйлөрү көбөйүп жатат. Алардын санын кыскартыш үчүн бул системада реформалар керек, бала асырап алуу системасында бюрократияны азайтыш керек, балдар интернаттарда жана балдар үйлөрүндө эмес, үй-бүлөлөрдө багылышы керек, анткени Кыргызстанда баланы багып алгысы келгендер көп”, - деп белгиледи Мамлекет башчысы. 

Президент Жайыл районунун милиция бөлүмүндө 19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө өзгөчө көңүл бурду. Ал бул окуяны терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.

 

“Милициянын бул шалаакылыгы, жоопкерсиздиги жана кесипкөйсүздүгү коомчулуктун нааразычылыгына туш болгону - адилеттүү көрүнүш. Кыздын каза болгонуна күнөөлүүлөрдүн баары катуу жазаланышы керек - кызматтарынан алынгандан баштап, кылмыш жоопкерчилигине тартылуусуна чейин. 

Ички иштер кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу жана тартибин бекемдөө боюнча жумушту күчөтүү керек”, - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков жана балдар менен үй-бүлөнү коргоо, балдар жана аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алууга багытталган мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу маселесин карап чыгуу сунушун айтты. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуя болгон күнү дароо жыйын өткөрүп, бул ишти өз көзөмөлүнө алганын маалымдады. 

Ошондой эле балдарга жана аялдарга карата зомбулук фактылары боюнча дагы жыйындар өткөрүлгөн. Ал тиешелүү чечимдер кабыл алынып, Бурулай Турдали кызынын кайгылуу окуясына жол берген ички иштер органдарынын кызматкерлери жана кызмат адамдарына карата чаралар көрүлөрүн белгиледи. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ошондой эле Өкмөттүн 2017-жылы кабыл алынган 2017-2028-жылдарга үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо боюнча Программаны ишке ашыруу анын жеке көзөмөлүнө алына турганын кошумчалады.