Жаңылыктар
Ипотекалык насыя берүү Жалал-Абад облусунан башталды
Экономика
Ипотекалык насыя берүү Жалал-Абад облусунан башталды

Мамлекеттик ипотекалык компания насыяларды берүүнү Жалал-Абад облусунан баштады. Насыя медицина жана билим берүү тармагынын кызматкерлерине берилип жатат. 

Азыркы тапта жалпысынан республика боюнча ипотека ала турган 185 адамдын тизмеси такталды. Алардын бардыгы медицина, билим берүү тармагынын өкүлдөрү жана социалдык кызматкерлер.

Тактап айтканда Баткен облусу боюнча 14 адам, Жалал-Абад облусунда 25 адам, Ысык-Көлдө 15, Нарында 10, Таласта 10, Ош облусу жана Ош шаары боюнча 33 адамга насыя берилет. Ал эми Чүй облусунда 30 адамга, Бишкек шаарында болсо 48 адамга ипотекалык шарт менен турак жай алууга каражат бөлүнөт.