Жаңылыктар
УКМК: Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов кармалды
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК: Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов кармалды

Улуттук коопсуздук комитети Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду кармады. Мекеменин маалыматы боюнча, оппозиционерлер буга чейин козголгон кылмыш ишинин негизинде колго түшүрүлдү.

Алар бийликти күч менен басып алуу максатын ишке ашыруу үчүн өлкөдө коомдук-саясий абалды туруксуздандырууга багытталган аракеттерди пландаган деп айыпталууда. 

Эске салсак, оппозиционер Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев жана Бектур Асановдун бийликти күч менен басып алуу, аймактарда башаламандык жаратуу жана акча бөлүшүү тууралуу сүйлөшүүсү делген аудиожаздырма 21-мартта интернет булактарына тараган. Бул аудиожаздырманын чын экенин улуттук коопсуздук комитети тастыктады.