Жаңылыктар
Кыргызстан дүйнөдөгү жолу начар өлкөлөрдүн катарына кирди
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан дүйнөдөгү жолу начар өлкөлөрдүн катарына кирди

Кыргызстан дүйнөдөгү жолу начар өлкөлөрдүн катарына кирди. Бул тууралуу Индекс глобалдык атаандаштыкка туруктуулуктун 2017-2018 тизмесинде белгиленет.

Маалым болгондой, тизмеге 137 өлкө кирген. Жолдун сапаты 1ден 7ге чейинки балл менен бааланган, бирок бир дагы өлкө жогорку баллга ээ болгон эмес. Жолу эң начар өлкө  Мавритания аталып, 2 баллга ээ болгон. Бул сапта Кыргызстан 16 болуп жазылды. Ал эми жолунун сапаты мыкты болгон өлкөлөрдун сап башында  6,4 балл менен Бириккен Араб Эмираты катталган. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"