Жаңылыктар
Президент С.Жээнбеков иш сапар менен Кытайга барат
Кыргызстан жаңылыктары
Президент С.Жээнбеков иш сапар менен Кытайга барат

Президент Сооронбай  Жээнбековдун Кытайга барган  мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-кытай  кызматташтыгын  арттыра турган  10 дой документке кол коюлары күтүлүүдө. Аталган сапар кыргыз тараптын эки жактуу алаканын кеңейтилишине жана тереңдешине, келечектеги кызматташууга жана өнөктөштүккө чоң маани бере тургандыгы президенттин тышкы саясат бөлүмү  тарабынан басма сөз  жыйында билдирилди.

Өлкө башчынын мамлекеттик сапарынын  жүрүшүндө мындан сырткары, Тажикстан, Монголиянын өлкө башчылары жана  Индиянын өкмөт башчысы менен жолугушуусу  күтүлүп, аталган мамлекеттер менен  ар тараптуу мамилелерди жакшыртуу жаатында  эки тараптуу  сүйлөшүүлөр жүрөт. Белгилей  кетсек, өлкө башчы Сооронбай  Жээнбеков  Кытайга Кытай  Эл Республикасынын төрагасы  Си Цзиньпиндин чакыруусу менен барууда жана мамлекеттик сапар 6-июндан 8-июнь күндөрү Пекинде болот, кийинки эки күндө өлкө башчы  Циндао шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттеринин Башчыларынын Кеңешинин саммитине катышат.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Гүлжан  Каражанова, "Биринчи радио"