Жаңылыктар
Шылуун алыстан келбейт
Коррупция
Шылуун алыстан келбейт

Унаага байланыштуу документтерди мыйзамсыз түрдө тез арада даярдап берген топтун кыңыр иши аныкталды. Белгилүү болгондой шылуундар жарым жылдан бери мындай кызмат үчүн кызыкдар жарандардын капчыгын кагып пайда көргөн. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жашыруун схеманы таап чыгып, бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

Тиешелүү адистер келип түшкөн маалыматтын изине түшүп, былык иш билинип отурат. Нургазы атуу жаран газ баллон орнотулган унаанын техпаспортуна мөөр басып берем деп, кызматы 2 миң сомдон көп акча тураарын айткан. Бул адам болгондо да милиция кызматкери болуп чыкты. Ошентип көмүскө иштин жолдору аныкталып, мыйзамсыз иш алып барган адамдар далили менен кошо тузакка түштү. 

Тактап айтканда, бардык алдамчылык аракеттер транспорттук каражаттар жана айдоочулук курамды каттоо департаментинде жасалган. Күзөттө турган милиция кызматкери ортомчуга барып, ал эч кандай иш бөлмөсү жок туруп, имараттын залында жүрүп мөөр басып, справка берип турган. Оперативдүү кызматкерлер текшерүү учурунда шылуундун чөнтөгүнөн белги коюлган акча жана далил катары жасалма документтерди кармаган. 

Оперативдүү кызматкерлердин маалыматына ылайык, шылуундар унаасына газ баллон орноткон айдоочуга газды колдонууга уруксаат берип келген. Андан тышкары айдоочулук күбөлүк жасап берген деген маалыматтар дагы териштирилүүдө. Эң кооптуусу, психикалык оорукчан же өң-түстү айырмалап биле албаган жарандарга күбөлүк алууда талап кылынчу медициналык аныктамалар тарап кеткен. Тиешелүү адистер бул көрүнүш боюнча иликтөө амалдарын баштады.