Жаңылыктар
19 жаштагы Бурулайдын өлүмүнө жол берген 23 кызматкер тартиптик жазага тартылды
Кылмыш
19 жаштагы Бурулайдын өлүмүнө жол берген 23 кызматкер тартиптик жазага тартылды

Коомчулук Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө 19 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүргөн адам кылмыш жоопкерчилигине тартылышын күтүп жатат. Ички иштер министрлиги кылмышка шектүү отуз жаштагы жаран жакында ооруканадан чыгарылса убактылуу тергөө абагына камакка алынаарын билдирет.  

Ага чейин шектүү укук коргоо органдарынын кайтаруусунда ооруканада дарыланууда. Бурулайдын өлүмүнө жол берген укук коргоо органдарынын бир катар жетекчилери иштен алынып, айрымдарына сөгүш берилди. 


Он тогуздагы Бурулайды мыкаачылык менен өлтүрдү деп шектелген отуз жаштагы жаран Жайыл райондук аймактык ооруканасында он күндөн бери дарыланууда. 

Хирургия бөлүмүндө жаткан шектүү күнү-түнү менен укук коргоо органдарынын кайтаруусунда. Марсбек Бөдөшев сакаюу жолунда экенин айткан дарыгерлер ал ушул жуманын аягында же келерки жуманын башында ооруканадан чыгарылаарын билдирет. Шектүү ооруканадан чыкса тергөө абагына камакка алынат.

Ички иштер министрлигинин ички кызматтык иликтөөсүнүн жыйынтыгында Жайыл райондук милиция бөлүмүндө мыкаачылык менен киши колдуу болгон Бурулайдын өлүмүнө жол берген 23 кызматкер тартиптик жазага тартылды.