Жаңылыктар
Мурат Саралиновго эстелик коюлду
Кыргызстан жаңылыктары
Мурат Саралиновго эстелик коюлду

Мындан1 жыл мурун Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин төрагасы Мурат Саралинов 54 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Бүгүн анын эстелиги, Ала Арча көрүстөнүнө коюлду. Эстеликти ачуу зыйнатына, анын санаалаштары, бир туугандары жана бирге иштеген кесиптештери чогулушту. Алар Саралиновдун аз жашаган кыска өмүрүндөгү жасап кеткен иштерине токтолушту.

Мурат Саралинов 1960-жылы Ысык-Көл облусунда туулган. 1986-1995-жылдары ички иштер министрлигинин экономикалык кылмыштар бөлүмүндө кызмат кылган. Андан соң бажы инспекциясынын директору, каржы министринин орун басары жумуштарын аркалаган. 2002-жылдары болсо, каржы министрлигинин алдындагы финансы полициясын жетектеген. 

2005-2006-жылдарда эсеп палатасынын башчысы, андан соң улуттук олимпиадалык комитеттин төрагасы болуп дайындалган. Мурат Саралинов дал ушул спорт тармагындагы жасаган эмгектери үчүн бир катар сыйлыктарды алган.