Жаңылыктар
Өзбекстан Ошко 630 орундуу кыргыз тилдүү мектеп куруп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Өзбекстан Ошко 630 орундуу кыргыз тилдүү мектеп куруп жатат

Өзбекстан Ошко 630 орундуу кыргыз тилдүү мектеп куруп жатат. Оштогу Бабур атындагы өзбек музыкалуу драма театрынын чыгармачыл тобу, Ташкентке Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз жээгин бойлой жорткон ала дөбөт" повестинин негизинде жазылган "Үмүт жылдызы" спектаклин коюп келди.


Оштогу Бабур атындагы театрдын маданият кызматкерлери кезектеги фестивалга катышууга даярдык көрүп жатат. “Умүт жылдызы” спектакли Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз жээгин бойлой жорткон ала дөбөт” повестинин негизинде жазылган. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган коюлмага Өзбекстандык режиссер Тажимухамед Исраилов жетекчилик кылган.

Философиялык мааниси терең деп бааланган бул чыгарма буга чейин Өзбекстандын тургундарынын сынынан өтүп келди. Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Мухамаджан Рахматовдун айтымында, чыгарманы көрүүгө Ташкенттеги улуттук драма театрына миңдеген көрөрмандар келген. Мындай маданий алакага көп жылдар бою суусап калган боордош эл, Бабурдун артисттерин Өзбекстандын төрт облусуна келип кетүүгө чакырган.

Бул чыгарма Өзбекстандын театр сахнасында коюлган жалгыз чыгарма болуп калбайт. Айтматовдун чыгармаларынын негизинде өзбек тилине которулуп, жазылган спектакльдер Ташкенттин 15 театрынын сахнасында коюлат. Бул үчүн аталган өлкөнүн президентинин атайын жарлыгы чыккан. Айтматовдун 90 жылдыгын мамлекеттик деңгээлде өткөрүүгө багытталган жарлыктын алкагында, Өзбекстан Улуттук Университетинде “Чынгыз Айтматов жана Өзбекстан” аталышындагы музей да ачылган.