Жаңылыктар
Бүгүн, Геннадий Базаровдун "Туздуу талаа" тасмасынын бет ачары болот
Маданият
Бүгүн, Геннадий Базаровдун "Туздуу талаа" тасмасынын бет ачары болот

КТРКнын 60 жылдыгына жана "Кыргызтелефильм" студиясынын 50 жылдыгына карата белгилүү режиссер Геннадий Базаровдун "Туздуу талаа" фильми тартылып бүттү. 

Тасманын бет ачары бүгүн 6-июнда саат 17:00до Чыңгыз Айтматов атындагы Кино үйүндө болот. Аталган кино Кыргыз эл жазуучусу, прозаик жана драматург Мурза Гапаровдун пьесасынын негизинде жазылган.

"Туздуу талаа" фильминин режиссеру,  Кыргыз Республикасынын эл артисти Геннадий Базаровдун буга чейинки жараткан тасмалары улуттук кинонун өнүгүшүнө салымын кошуп, эгемендүүлүк алган жылдары Кыргыз мамлекетинин калыптанышына таасир берген.