Жаңылыктар
Бишкекте балдарды сүннөткө отургузган бөлүм иштей баштады
Ден соолук
Бишкекте балдарды сүннөткө отургузган бөлүм иштей баштады

Бишкекте балдарды сүннөткө отургузган бөлүм иштей баштады. Бул бөлүм ордо калаадагы балдардын тез жардам ооруканасында күндүз иштейт. 

Дарыгерлердин айтымында, ата-энелер бейтапканаларга балдарды сүннөткө отургузуу боюнча кайрылууда. Бул операция үй шартында эмес, медициналык мекемеде жасалышы керектиги буга чейин айтылган. 

Ак халатчандардын айтымында, сүннөткө отургузарда балдардан анализ алынышы керек. Качан гана баланын саламаттыгы жакшы экенине дарыгерлер ынанып, көзү жеткенден кийин гана операция жасалат.