Жаңылыктар
Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин камакка алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин камакка алынды

Кубанычбек Кулматов 28-июнга чейин камакка алынды. Мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарды. Ал тергөө амалдары аяктаганга чейин камакта болот. 

Эскерте кетсек, 18-майда Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын мурунку мэрии Кубанычбек Кулматовго айыбы угузулган. 

УКМК буга чейин - Кулматов 2014-жылы мэр болуп турган кезде Кытайдын ТВЕА компаниясы Бишкектин Жылуулук электр борборуна жана Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна берген акчаны мыйзамсыз коротууга тиешеси бар экенин маалымдаган.