Жаңылыктар
Калемгердин көргөзмөсү ачылды
Маданият
Калемгердин көргөзмөсү ачылды

Улуттук китепканада жазуучу Мурза Гапаровдун китеп көргөзмөсү ачылды. Кыргыз адабиятына жаңыча стиль менен кирген прозаик быйыл тирүү болгондо 80 жашка толмок. “Көп кырдуу сүрөткер” аттуу китеп көргөзмөдө кыргыз адабиятына салым кошкон жазуучунун чыгармалары коюлган. 

Калемдештери Мурза Гапаровду мыкты стилист, классик жазуучу дешет. Ал өзгөчө чыгыш адабиятын, анын ичинде жапон адабияты менен турмушун изилдеп, аны менен кыргыз турмушун жуурулуштурган. 

Кайра окурмандын алдына философияга ширелген жөнөкөй чыгарманы тартуулаган, кыялкеч автор болгон. Жазуучунун калеминен жаралган чыгармалар буга чейин көптөгөн башка тилдерге дагы которулган. Мурза Гапаров калемгер гана эмес радио жана телевидение комитетинде, “Кыргызфильм” студиясында дагы эмгектенген.