Жаңылыктар
Ош облусунун Ноокат районунда мөндүр жаап, сел жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Ош облусунун Ноокат районунда мөндүр жаап, сел жүрдү

Ош облусунун Ноокат районунда мөндүр жаап, сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. 

Алдын ала маалымат боюнча райондун Кыргыз-Ата айыл аймагынын Ак-Булак айылында 5-июнда саат 17:50 чамасында жамгыр аралаш мөндүр жааган. 

Маалыматка ылайык, болжол менен мөндүрдүн көлөмү 2-3 сантиметр. Мындай жаандын кесепетинен мөмө-жемиштер зыян тартып, 3 турак үйдүн чатырларынын шиферлерин мөндүр талкалап, жараксыз абалга алып келген.

Мындан сырткары Көтөрмө айылынан өткөн Шамай сел каналынан суу ташып айдоо жерлерин каптаган.