Жаңылыктар
Парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды
Коррупция
Парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды

Парламент депутаты Осмонбек Артыкбаев камакка алынды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдиргендей, Артыкбаев "Коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишине шектүү катары УКМКнын тергөө абагына киргизилди. 

Азырынча анын камактагы мөөнөтү кандай болору тууралуу чечим айтыла элек. Эске салсак, 5-июнда Башкы прокуратура Осмонбек Артыкбаевге карата “Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгогон. Анын алдында депутат УКМКга суракка чакыртылган. 

Буга чейин анын адвокаты Айжан Орозакунова ЖЭБ чуусу боюнча камакка алынган "Улуттук энерго холдинг" ишканасынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев менен Артыкбаев тергөө процессинде беттештирилип, суракка алынарын кабарлаган. 

Башкы прокуратура Кытайдын ТВЕА компаниясы менен Бишкек ЖЭБин 386 миллион долларга модернизациялоо тууралуу, Артыкбаев 2013-жылы энергетика министри болуп турган кезде, "Кыргызстанга ыңгайсыз шарттагы келишим түзгөн" деп айыптады.