Жаңылыктар
Ой талкуу: Сабыр түбү сары алтын
Маданият
Ой талкуу: Сабыр түбү сары алтын

Улуу эпостордо айкөл деп, адабияттарда чыдамкай, кайраттуу жана токпейил деп сыпатталган адамдагы эн бир жакшы касиеттин бири бул сабырдуулук. Заман өзгөрдү, аны менен кошо адамдагы жакшы касиеттер жоголду деп айтылып жүрөт. Чын эле жогоруда айткан токпейилдик, чыдамкайлык жана сабырдуулук сыяктуу касиеттер заманга байланыштуу жоголдубу же бул адамдын өзүнөнбү? Сабыры качты деген сындар айтыла баштады. Бул жөндүүбү?

"Ой талкуу" ток-шоу программабыздан "Сабыр түбү сары алтын" деген теманын тегерегинде кеп кылабыз.

Талкууга; Кыргызстан Ислам университетинин окутуучусу Улан Усупов, “Ыйман” диний-маданиятты өнүктүрүү фондунун директору Нуржигит Кадырбеков, Акын жана журналист Акбар Кубанычбеков о.э. Улуттук университеттин маданий эстетикалык борборунун жетекчиси Максатберди уулу Кайрат катышат. Талкууну Жылдыз Мырзабекова алып барат.