Жаңылыктар
Санариптик трансформациялоо боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Санариптик трансформациялоо боюнча эксперттик кеңеш түзүлдү

Санариптик трансформациялоо боюнча  КРнын Президентине караштуу эксперттик кеңеш түзүлдү. Кеңеш маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү, мамлекеттик башкарууну электрондоштурууну жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу, инновациялык ыкманы колдонууну жайылтууга багытталган. 

Эксперттер бул тармакта  кыргыз жаштарынын потенциялы күчтүү экенин, ошентсе да  IT  адистерди даярдоо зарылдыгы бар экенин айтууда.  Өлкөдө 8 мамлекеттик кызмат  электрондук принцип менен иштеп жатат, калган мамлекеттик кызматтар “ Түндүк” долбооруна бириктирлүүдө.  

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"