Жаңылыктар
Борбор калаада кыз ала качууга каршы акция өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаада кыз ала качууга каршы акция өттү

“Биз жаштар эрте турмуш курууга жана кыз ала качууга каршыбыз!". Мына ушундай чакырык менен Бишкек шаарынын орто кесиптик билим берүү мекемелеринин, колледждердин, жогорку окуу жайлардын студенттери чыгышты. 

Акция жаштарды жана ата-энелерди кыз ала качуу көрүнүшүн, кыздарды эрте турмуш курууга мажбурлоону токтотууга үндөөгө багытталды. 

Миңге жакын уландар менен кыздардын борбордук “Ала-Тоо” аянтына чогулганына жакында Жайыл райондук милиция бөлүмүндө болгон он тогуздагы Бурулайдын өлүмү себеп болгон.