Жаңылыктар
Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы сапары
Саясат
Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайдагы сапары

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун расмий аземи болду. Жолугушуу аземи Бүткүл кытай Эл өкүлдөр жыйынынын имаратынын алдындагы аянтта өттү. Флагштоктордо Кыргызстан менен Кытайдын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн. 

Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду. Салтанаттуу жолугушуу аземине балдар дагы катышып, мамлекет башчыларын жылуу куттукташты. 

Жолугушуунун расмий аземи өтүп, делегацияларды тааныштыргандан кийин Мамлекет башчылары кеңири курамда сүйлөшүү жүргүздү. Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга мамлекеттик визити үч күнгө созулат. 

Анын жүрүшүндө мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, бул өлкөнүн Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян жана Бүткүл кытай Эл өкүлдөр жыйынынын туруктуу комитетинин Төрагасы Ли Чжаньшу менен жолугушат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлат. Анын ичинде Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө биргелешкен декларация бар. Ошондой эле кытайлык ири корпорацияларга баруу да мерчемделүүдө.