Жаңылыктар
Эки наристе энеси менен чогуу токмоктолду
Кыргызстан жаңылыктары
Эки наристе энеси менен чогуу токмоктолду

Эне менен балдарга жасалган дагы бир зомбулук. Сокулукта эки наристе энеси менен чогуу токмоктолушу боюнча кылмыш-жаза кодексинин 111-беренеси менен иш козголду.

Сабалгандар азыр ооруканада. Ал эми балдарды аёсуз токмоктогон өгөй ата милициянын убактылуу кармоочу жайында.

Бирок келин күйөөсүн коргоп, тосмо арыз жазып бергени аны жоопкерчиликтен сактабай турганын укук коргоо органдары белгилешүүдө. Анткени 111-берене өзгөчө оор кылмыштардын катарына кирет. Жана балдарды токмоктогон адам 3 жылдан жети жылга чейин кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
Денедеги көк ала 15 күндө жоголот, бирок ур-токмоктон жүрөктө калган такты кетирүү оңойго турбайт. Ошондуктан алдыда эне менен балдарга стресстен чыгууда психологиялык жардам керектигин дарыгерлер белгилешүүдө.