Жаңылыктар
Кыргызстан көп улутка бай өлкө
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан көп улутка бай өлкө

Жалал-Абад облусунда эле 80ден ашуун улуттун өкүлү жашайт. Андагы ар улуттун бир туугандай жашап, кыз алып, кыз берип, куда-сөөк болуп ынтымакта түтүн булатып жаткан үй-бүлөлөрү арбын. 

Алардын бири кыргыз-өзбек улутунан куралган Жумабаевдердин үй-бүлөсү. Кыргыз жигити Айбек Жумабаев өзбек кызы менен баш кошуп, учурда 5 баланын бактылуу ата-энеси болуп турган кези.