Жаңылыктар
Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу бир катар көчөлөр жабылат

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу бир катар көчөлөр убактылуу жабылат. Капиталдык курулуш башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, 7-июнда Тоголок Молдо көчөсүнүн Щербаков көчөсүнөн Саадаевге чейинки бөлүгү жабылды. 

Оңдоо иштери 15-августта бүтөт. Ушул эле күнү "Ак-Босого" жаңы конушундагы Профессор Зима көчөсү да жабылды. Бул аймакка арык, тротуар салынып, асфальт төшөлүп, жол белгилери коюлат. Оңдоо иштери 1-октябрга чейин уланышы болжолдонууда. 

Мындан сырткары 9-июндан 15-июлга чейин Чүй проспектисинин Жаш Гвардия бульварынан Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө да жол кыймылы токтотулат. Мэрия унаа тыгыны жаралбашы үчүн альтернативдүү каттамдарды тандоону сунуштайт.