Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолукту
Саясат
Сооронбай Жээнбеков Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолукту

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолукту. 

Сооронбай Жээнбековду жылуу маанайда кабыл алган Ли Кэцян 2016-жылы Кыргызстанга жасаган сапары тууралуу айтып, Кыргызстан дагы, Кытай дагы - эки тараптуу алаканы чыңдоого аракет жумшап келе жатат, - деди. 

Муну менен катар “Бир алкак - бир жол” долбоорунун алкагында кызматташуунун кулачын кеңейтүүгө Кытай тарап кызыкдар экенин да белгиледи. 

Ал эми Президент Сооронбай Жээнбеков - Кытайга болгон сапарында жетишилген макулдашуулар эки тарапка тең пайдасын берерине ишенерин белгилеп, эки өлкөнүн кызматташуусу жаңы деңгээлге чыкканын кошумчалады.