Жаңылыктар
Ошто дыйкандар картошканын түшүмүн жыйнай баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Ошто дыйкандар картошканын түшүмүн жыйнай баштады

Ошто дыйкандар картошканын түшүмүн жыйнай баштады. Акыркы жылдары картошканын «Ривьера» жана «Агата» сорту көп айдалууда. Анткени бул түрлөргө жакшы көзөмөл болсо эки ай аралыгында, гектарынан 40 тоннага чейин түшүм жыйнаса болот. 

Өткөн жылы Ош аймагында картошка 1700 гектар жерге эгилсе, быйыл аянты 300 гектарга кеңейди. Аравандын Чек-Абад айылында кооперативдин жана жаңы логистикалык борбордун ачылышы менен дыйкандарга бир кыйла ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр жаралды. 

Учурда алар картошка түшүмүн өлкө ичине гана эмес, чет жакка экспорттоого мүмкүнчүлүк алды.