Жаңылыктар
Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын стратегиялык өнөктөштүгү
Саясат
Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын стратегиялык өнөктөштүгү

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Төрагасы Ли Чжаньшу, Мамлекеттик кеңешинин Премьери Ли Кэцян менен жолугушту. Тараптар мамлекеттердин өнүгүүсү үчүн талап кылынган негизги иш-аракеттер тууралуу пикир алмашып, максаттары бир экени белгиленди.


Кытай Эл Республикасынын парламент төрагасы Сооронбай Жээнбеков менен Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын имаратында жолугушту. Ал кыргыз президенти буга чейин эле, ар кайсы кызматтарда иштеп турганда көп жылдар бою кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө чоң салым кошкошконун белгиледи.


Ал кийинки жылдары Кыргызстанда экономика өнүгүп, ошондой эле өлкөнүн эл аралык ролу бекемделип жатканын белгиледи. Парламенттер аралык байланыштарды жана алака-мамилелерди күчөтүү ниетин да билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков жылуу кабыл алуу үчүн чын ниеттен ыраазычылык билдирип, Кытай лидери менен эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибинде турган бардык негизги маселелери талкууланганын белгиледи.


Премьер ошондой эле бүгүнкү күндө Кытайда электромобилдерди өндүрүү динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи. Өз кезегинде Сооронбай Жээнбеков анын Кытайга визити эки тараптуу кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк түзгөнүн айтты.