Жаңылыктар
Кыргызстан-Кытай: жаңы деңгээлге чыккан алака
Саясат
Кыргызстан-Кытай: жаңы деңгээлге чыккан алака

Кыргызстан коңшу Кытайга айыл чарба продукцияларын экспорттоп жана анын көлөмүн көбөйтөт. Ал эми кытай тарап аймактарда калкты таза суу менен камсыз кылууга жана Кыргызстанга бекер техника экономикалык көмөк көрсөтөт.


Булар Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарында кол коюлган келишимдердин өзөгүн түздү. Мындан сырткары Кыргызстанда электромобилдерди чыгаруу боюнча биргелешкен ишкана ачуу демилгеси көтөрүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынытыгы менен кытай тарап өлкөгө жалпы суммасы 100 млн. доллардан ашык кайтарымсыз каражат бөлмөй болду.


Кыргызстан менен Кытай азыркы учурда кызматташтыктын ал түзүлгөндөн берки эң жемиштүү жана ийгиликтүү этабында турат. Кайчы пикир жараткан маселе дээрлик жок. Президент Сооронбай Жээнбеков Си Цзинпин менен жолугушуусунда, кытай тараптын жардамы өлкөнүн өнүгүүсү маанилүү экенин белгиледи.


Экономикалык келишимдердин негизгиси- Кыргызстан Кытайга айыл чарба жана мал чарба продукцияларын экспорттоо алдында турат. Анын эреже тартиптерин иштеп чыгуу кол коюлган документтерде көрсөтүлдү. 

Коңшу өлкөнүн талабы сапатуу, экологиялык жактан таза азык түлүктөрдү кабыл алуу жана буга кытай лидери толук колдоо көрсөтөрүн билдирген.