Жаңылыктар
Бишкек жылуулук борборуна байланыштуу жемкорлукка шектелгендер
Коррупция
Бишкек жылуулук борборуна байланыштуу жемкорлукка шектелгендер

Камактагы Осмонбек Артыкбаев парламентти Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча келишим Кыргызстанга пайдалуу экенине ишендирген. Коомчулук мурдагы энергетика министринин 2013-жылы Жогорку Кеңеште долбоорду жактаган сөздөрүнө өзгөчө көңүл бурууда. 


Ал эми Артыкбаев мындай кадамга президенттин аппаратынан тапшырма болгону үчүн барганын айтып, Сапар Исаковду айыптаган. Учурда аттары аталган мурдагы аткаминерлер камакта жатат. Жалпысынан Жылуулук борборунун айланасындагы чуудан улам 10 адам УКМК тарабынан кармалды.


Бул Жогорку Кеңештин Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча кытай тарап менен келишим түзүү маселесин караган жыйыны. Анда беш жылга жетип-жетпей долбоордун арты чуу менен аяктаары эч кимдин оюна келген жок. Ал учурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев долбоордун артыкчылыктары көп экенин, келишим Кыргызстанга пайда гана алып келээрин кайталап отурат.



ЖЭБдеги авария аны жаңылоодогу көмүскө жагдайларды ачыкка чыгарды. Жабдуулардын баалары ашыкча жогорулатып көрсөтүлгөнү 5 жылдан кийин эл өкүлдөрүнүн назарын буруп отурат. Депутаттык комиссия кытайлык Эксим банктан алган насыянын шарттары да, долбоорду ишке ашырууда Ти-Би-Эй компаниясы менен түзүлгөн келишим да Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келет деген бүтүм чыгарган. 


Долбоорду ишке ашырууда алгач Жылуулук электр борборун куруу боюнча тажрыйбасы жогору делген “Смек” компаниясы менен 356 миллион долларлык макулдашуу болуп, кийин ал кайра жокко чыгарылганы ТБЕАдин кызыкчылыгы атайылап калкаланганбы деген шектенүүлөрдү күчөттү. Мурда келишимди жактап жүргөн Осмонбек Артыкбаев териштирүү башталганда долбоор пайдасыз болгонун жокко чыгарган жок.


Өзү аткаруучу гана болгонун айтып, тапшырма берген деп ошол учурдагы президенттин аппаратына жоопкерчиликти оодарган. Ал өзүнүн орун басары, учурда абакта жаткан Айбек Калиев атайын жыйын уюштурганын, Сапар Исаков менен сүйлөшүп турганын да билдирген.

Бул билдирүү Артыкбаевге жардам бере алган жок. УКМК экс-энергетика министрин да, ТБЕАнын кызыкчылыгын калкалады деп шектелген Сапар Исаковду да камакка алды. Сот атайын кызматтын мурдагы өкмөт башчы тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук жаратышы мүмкүн деген жүйөөсүн эске алды.