Жаңылыктар
Жасалма документ аркылуу келген унааларды кармоо улантылууда
Коррупция
Жасалма документ аркылуу келген унааларды кармоо улантылууда

Казынага зыян келтирген кылмыштын изи. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы жасалма документ аркылуу келген унааларды кармоону улантууда. Мыйзамды буйтап өткөн схема аркылуу миңдеген темир тулпар ташылып, арасынан кармалгандары бар. Көмүскө иштер мамлекеттик кызматкерлердин колдоосу аркылуу жасалып, казынага келтирилген чыгымдын көлөмү болжол менен 100 миллион сомдон ашкан. 



Камакка алынган унаалар чоң, кичине болуп отуруп 15ке жетет. Автоунааларга мөөр басылып атайын жайга киргизилген. Иликтөөдө шылуундар кымбат унааларды чет өлкөдөн Кыргызстанга алып келүүдө керектүү бажы төлөмдөрүн төлөбөгөнү аныкталган. Ал үчүн амалкөй, нары жөнөкөй коррупциялык схема иштелип чыккан. Сатылып алынган унаалар өлкө сыртына чыгып, кайра киргендей түрдө бажы төлөмүсүз келип турган.

Мыйзам боюнча сырттан сатылып алынган кымбат унаанын ар биринен 15-20 миң долларга чейин бажы төлөмү алынат. Ал эми көмүскө схема Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондон тарта пайда болуп, оперативдүү кызматкерлер өлкөдө 3 миңден ашуун унаа киргенин аныктаган. Азыркы күндө калган унааларды издөө иштери жүрүп жатат. Эгер өз эрки менен келтирилген зыянды, айып пулду төлөп берсе, алар кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.