Жаңылыктар
Бишкекке жакын жайгашкан колонияда нөөмөттө турган жоокер өзүн-өзү атып алды
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекке жакын жайгашкан колонияда нөөмөттө турган жоокер өзүн-өзү атып алды

Бишкекке жакын жайгашкан Жаңы-Жер айылындагы колонияда нөөмөттө турган жоокер өзүн-өзү атып алды. Мындай маалыматты Жазаларды аткаруу кызматынан билдирди. 

Маалыматтарга караганда, жоокер 18 жашта болчу. Бул №19 колонияда өмүрүнүн акырына чейин соттолгондор отурат. Окуя 6-июнда болгон. 

Аскер өз куралын ээгине такап туруп атып салган. Бул боюнча Аскер прокуратурасы тергөө иштерин жүргүзүүдө. Азырынча кырсыктын так себеби белгисиз.