9-10-июнда өлкө аймагындагы тоолуу райондордо жана тоо этектеринде өткүн өтүп, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт.
Ал эми өрөөндөрдө жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен кабарлашты.
Ага ылайык күндүз мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.