Жаңылыктар
Уйкунун аз же узакка созулганынан адам өмүрү кыскарып, кем акыл болуп калышы ыктымал
Кыргызстан жаңылыктары
Уйкунун аз же узакка созулганынан адам өмүрү кыскарып, кем акыл болуп калышы ыктымал

Адам аз же өтө эле көп уктаганына жараша өмүрү кыскарып, же кем акыл болуп калышы ыктымал. Бул тууралуу чет элдик басылмалар япон окумуштууларына шилтеме берип жазып чыкты. Маалыматка ылайык, 10 жыл бою окумуштуулар 1517 кишиге байкоо жүргүзүп келген. 

Алар өз каалоосу менен изилдөөгө катышууга макул болушкан. Бул убакыт аралыгында 294 ыктыярчыда кем акылдуулук байкалып, 282 адам көз жумган. 

Окумуштуулар суткасына беш саатка чейин уктаган адамдардын өмүрү кыска болорун, ал эми 10 сааттан ашык көп уктаган адамдардан кем акылдуулук байкалганын далилдешкен. Япон изилдөөчүлөрүнүн айтымында, чоң адамдар 6дан 9 саатка чейин уктаса ден соолук үчүн кооптуулук жаралбайт.