Жаңылыктар
Сооронбай Жээнбеков расмий сапарынын алкагында кытай тилиндеги “Манас” операсын көрдү
Маданият
Сооронбай Жээнбеков расмий сапарынын алкагында кытай тилиндеги “Манас” операсын көрдү

Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон мамлекеттик визитинин алкагында Пекиндеги «Тяньцао» аткаруучулук көркөм өнөр борборуна барып, кытай тилинде “Манас” операсын көрдү. 

Опера башталганга чейин Жээнбековдун Кытайдын маданият жана туризм министри Ло Шуган менен кыска жолугушуусу өттү. Министр операны даярдоонун жүрүшү тууралуу айтып берип, эки өлкөнүн маданият чөйрөсүндөгү мамилелерди тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду. 

Опера аяктаган соң президент көрүүчүлөрдүн алдында сөз сүйлөдү. Белгилей кетсек, Кыргызстандын Президенти менен бирге делегация мүчөлөрү, кытайлык көрүүчүлөр, ошондой эле Кытайда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер да келип көрүшкөн.