Жаңылыктар
Ысык-Көл КМШнын мыкты курортторунун тизмесинде экинчи орунга татыды
Кыргызстан жаңылыктары
Ысык-Көл КМШнын мыкты курортторунун тизмесинде экинчи орунга татыды

Ысык-Көл КМШнын мыкты курортторунун тизмесинде экинчи орунга татыды. Чөлкөмдөгү эс алуучулар кайсы курортто эс алуу күндөрүн өткөрүп жатканын Орусиянын ТурСтат аналитикалык агенттиги аныктаган. Биринчи орунда Казакстандагы Бурабай курорту турса, андан кийин эле көгүлтүр Ысык-Көл ээлеген. Үчүнчү оорунда деп Белорусиянын Нарочь көлү табылган. 

Кыргызстандын бермети эң арзан жана аба-ырайы ыңгайлуу курорттордун катарында алдыга чыккан. Анткени ошол эле Түркия, Эгипет, ОАЭ өлкөлөрүндөгү курорттордон 2-3 эсе баасы арзан жана ошол эле кызматтарды көргөзүүгө толук шарттар бар. Акыркы жылдары коопсуз эс алуучу аймакка да айланып баратат. Бирок талдоочулар Ысык Көлдү жарнамалоо жетишерлик болбой жатканын айтууда. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"