Жаңылыктар
М.Абылгазиев Кочкор айылындагы сүт заводунун иши менен таанышты
Экономика
М.Абылгазиев Кочкор айылындагы сүт заводунун иши менен таанышты

Мухаммедкалый Абылгазиев Кочкор айылындагы сүт заводунун иши менен таанышты. Ишкана, 50 адамды жумуш оруну менен камсыз кылат. Жайкысын суткасына 4,5 тоннага чейин сүт кайра иштетилип, өндүрүлгөн продукция өлкөнүн ички рыногунда сатылат. 

Учурда заманбап талаптарга жооп берген жаңы сүт заводу курулуп жатат. Лизингдик программа менен жабдуу алууга жеңилдетилген насыя алынган. Жаңы завод бүтсө кубаттуулугу суткасына 15 тоннага жетип, дагы кошумча жумуш орундары түзүлөт. Өкмөт башчы белгилегендей, мындай ишканалардын арбышы өлкө аймактарынын өнүгүүсүнө таасирин тийгизет. 

Жергиликтүү ишкерлер өз ишинде заманбап ыкмаларды пайдалануу боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү керек. Премьер-министр Өкмөттүн «Биримдик, ишеним, жаратмандык» программасынын жана 2018-2022-жылдарга өлкөнүн Аймактык саясат концепциясы алкагында өнүгүү борбору эсептелген 20 шаар аныкталганын белгиледи. 

Бул иштер калктын экономикалык активдүүлүгүн жогорулатуу, адистештирүү, аймактарда сапаттуу мамлекеттик тейлөө көрсөтүү, ар бир дубанды өнүктүрүүгө жеке мамилени калыптандыруу максатында жасалууда. 

Мындан тышкары, Премьер-министр Кочкор райондук ооруканасына барды. Абылгазиев курулушу каражат жоктугуна байланыштуу токтотулган жаңы корпустун имаратын көрүп чыгып, тийиштүү мамлекеттик органдарга каржылоо маселесин карап чыгууну тапшырды.