Тарыхчылар Орусиянын архивдик булактарына үңүлүп, 100 жыл мурдагы окуяларды ар тараптан изилдеп жатышат. Алар үркүнгө обьективдүү баа берилиши керек экенин, бул багыттагы окутуулар кылдаттыкты талап кыларын белгилешет.
Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө Тарых жана маданият жылынын алкагында аткарыла турган негизги иш-чаралардан. Маселе тарыхчылардын гана көңүлүн бурбастан, изилдөөлөргө башка тармактын өкүлдөрү да аралашкан учурлар бар. Экономист Эрнис Талканов “Кыргызстан дүйнө тарыхынын аренасында” аттуу эмгегине үркүндү да камтып, анда падышалык Орусиянын зулумдугу жазылган. Тарыхчылардын элегинен өтүп, жарык көргөн илимий ишине мурда жашыруун болуп келген орус архивдеринин жардамы тийгенин айтат.
Бирок, Үркүн олуттуу маселе экенин эске алып, аны изилдөөгө тарыхчылардан башка адистердин аралашуусун сынга алгандар да жок эмес. Кандуу окуяларга баа берүүдө өлкө ичиндеги улуттардын, ал тургай мамлекеттердин ортосундагы мындан аркы мамилени эске алуу зарылчылыгы айтылып келе жатат. Тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов бабалардын көргөн запкысын келечек муунга жеткирүүдө мугалимдерден чоң жоопкерчилик талап кылынарын белгилейт.
Тарых жана маданият жылынын алкагында каралган иш-чараларды өткөрүү үчүн атайын дирекция түзүлүп, ал Үркүнгө байланыштуу да аракеттерди көрүүдө. Ошондой эле “Мурас” фондунун алдында 1916-жылдагы окуяларды изилдей турган атайын жумушчу топ түзүлгөн. Анын мүчөсү, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Аскар Беделбаев учурда илимий иштер жанданып, аларды жарыкка чыгарууга жардамдар берилип жатканын айтат. Жогорку окуу жайларында, маданий мекемелерде конференциялар,т егерек столдор байма-бай өткөрүлүүдө.
Үркүндүн 100 жылдыгын белгилөө үчүн премьер-министр Темир Сариев башында турган уюштуруу комитети да түзүлгөн. Учурда Ысык-Көлдө кандуу окуяны чагылдырган көркөм фильм тартылууда. Ошондой эле “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде эстелик тургузулат.
Калыгул Асамбаев, Биринчи радио