Жаңылыктар
Каргашалуу июнь окуясына 8 жыл болду
Кыргызстан жаңылыктары
Каргашалуу июнь окуясына 8 жыл болду

2010- жылдагы  июнь коогалаңына 8 жыл болду. Июнь окуясында карапайым элдин эч кандай күнөөсү жок экенин, алар улутчул сепаратисттердин, кайрадан бийликти басып алууга аракет жасаган бакиевчилердин курмандыгы болуп,  ак жеринен жабыр тартып калды деп белгилешет дасымдуу талдоочулар. 

Эскерүүлөрдө  эки улуттун өкүлдөрү бири-бирине жардам берип, жашырып-жаап, аман алып калган учурлары бүгүнкү күнгө чейин көп айтылат.  Эзелтеден эриш-аркак жашаган эки элдин мамилеси учурда жаңы баскыча көтөрүлдү. Кыргыз-өзбек чек арасында бири-бирине каттаган элдин агымы күн санап күч алып жатат.

Ошондой эле өлкөдө Улуттар аралык ынтымакты бекемдөө концепциясы ийгиликтүү ишке ашып, эми “ Кыргыз жараны” бирдейликти калыптандыруу концепциясы иштелип жатат. 

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"