Жаңылыктар
Жээнбеков кыргыз-кытай мамилеси жаңы - стратегиялык деңгээлге көтөрүлүшүн шарттады
Саясат
Жээнбеков кыргыз-кытай мамилеси жаңы - стратегиялык деңгээлге көтөрүлүшүн шарттады

Сооронбай Жээнбековдун Кытай Эл Республикасына жасаган мамлекеттик сапары эки тараптуу мамилени жаңы - стратегиялык деңгээлге көтөрүлүшүн шарттады. Бул туурасында эки мамлекеттин лидерлеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев билдирди. 

Анын айтуусунда, эки мамлекеттин бүгүнкү өнөктөштүгүн - өз ара ишеним, бири бирин колдоо жана түшүнүү менен мүнөздөөгө болот. Президенттин бул мамлекеттик визити соода-экономикалык жана саясий мамиледе жемиштүү болгонун серепчилер бир ооздон белгилешүүдө.