Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөш өз жемишин бере баштады
Коррупция
Коррупцияга каршы күрөш өз жемишин бере баштады

Кошумча нарк салыгына байланыштуу кылмышка айыпталгандардын 400 миллион сом көлөмүндөгү мүлктөрү камакка алынды. Бул тууралуу коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңешмеде айтылды.

Буга чейин жасалма документтер аркылуу бюджеттеги каражатты кайра кайтарып алган фактылар боюнча бир нече кызмат адамдары, ишкерлер камакка алынган. 

Зыяндын көлөмү 1 миллиард сомдон ашык экени айтылган. Координациялык кеңешмеде мындан сырткары жол куруудагы коррупциялык иштерге байланыштуу да маселе көтөрүлдү.