Жаңылыктар
Чаткалда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү
Өзгөчө кырдаал
Чаткалда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү

Чаткал районунун Шекафтар айылында сел жүрдү. Бир нече саатка созулган жамгырдан улам көчөлөрдү суу каптады. Тилсиз жоонун видеосун күбө "Sputnik Кыргызстан" агенттигине жиберген. Андан көчөнү нөшөрлөгөн жаандан улам топтолгон ылай суу каптап жатканы көрүнөт. 

Жергиликтүү тургун жамгыр 8-июнда кечки саат алтыда башталып, сегиз жарымдардан тарта сел жүрө баштагын билдирди. Алдын ала маалымат боюнча кыйроолор жана жабыркагандар жок.