Жаңылыктар
Борбор калаага 14 жаңы троллейбус алынып келинди
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаага 14 жаңы троллейбус алынып келинди

Ордо калаага 14 жаңы троллейбус келди, дагы бешөө жолдо. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Артур Өмүрзаков билдирди. 

Жалпысынан автопаркка 52 жаңы атайын техника келет. Анын он беши Беларустан, ал эми отуз жетиси Россиядан өндүрүлгөндөр. Өмүрзаков июль айынын аягына чейин алардын баары Бишкекке келерин билдирди. 

Учурда келген 14 троллейбустун бардыгы каттамга чыгып, калкты тейлеп жатат. Эске салсак, Европа өнүктүрүү банкы жаңы темир тулпарларды сатып алууга 7 млн евро бөлгөн.