Жаңылыктар
Кыргыз-Кытай алакасы жаңы деңгээлге чыкты
Саясат
Кыргыз-Кытай алакасы жаңы деңгээлге чыкты

Бүгүн Кытайдын Циндао шаарында Шанхай Кызматташтык уюмунун мамлекет башчыларынын саммити өттү. Ага Президент Сооронбай Жээнбеков да катышты. Жыйындын жүрүшүндө бир топ маселелер козголуп жыйынтыгында 20га жакын документтерге кол коюлду. Ошондой эле өлкө башчы саммит жүрүшүндө Индия, Тажикстан жана Монголиянын президенттери менен жолугушуу өткөрүп, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү маселелерин талкуулады. 

Ал эми Шанхай кызматташтык уюмунун жыйынынын жүрүшүндө Кытай саммитке төрагалыгын жыйынтыктап, аны Кыргызстанга өткөрүп берди. Ошондой эле Президент Сооронбай Жээнбеков жыйын алкагында сөз сүйлөп, бул жолку Саммит Шанхай кызматташтык уюмунун "шанхай сегиздиги" форматында өнүгүү тарыхынын жаңы барагын ачууда деп белгиледи.