Жаңылыктар
УКМК: Асанов менен Кадыровдун баш коргоо чарасы каралат
Кылмыш
УКМК: Асанов менен Кадыровдун баш коргоо чарасы каралат

 26-мартта оппозиция өкүлдөрү Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровго баш коргоо чарасы каралат. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Сот кармалгандардын ишин карап, чечим чыгырат. Ал арада Чүй облусунун тургундарынын өкүлдөрү жана жарандык активистер өлкөдө баш аламандык уюштурууну көздөгөн оппозиция өкүлдөрүнө катуу чара көрүлүшү керек деп билдирип чыкты.

Мындан 3-4 күн мурда мына ушундай көпчулүктүн көңүлүн бурган  «оппозициянын сүйлөшүүсү»   тууралуу  аудион жазуу интернетке чыккандан бери коомчулукта талкуу бүтпөй келет. Аудио-жазууда Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Тургуналиев жана Бектур Асанов болушу мүмкүн делген оппозиционерлер бийликти басып алуу, аймактарда баш аламандыкты  уюштуруу  тууралуу  сүйлөшкөн  үндөр  жазылган.  

Бирок оппозиция өкүлдөрүнүн бири Бектур Асанов бул аудио жазуу атайын уюштурулган монтаж экендигин айтып, жазуудагы менин үнүм эмес деп танган эле.

Бектур Асанов: Ал менин үнүм эмес. Менин үнүмө окшош деп атышат. Берки Бекназаровдор менен болсо дагы 30дай киши болгон, ал жерге мен кирип туруп, чыгып кеткем, ал жерде сүйлөгөн эмесмин.

Ал эми 24-мартта УКМК  кызматкерлери Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровду Бишкекте кармады. “Алар азыркы күндө интернетте тарап кеткен чуулганду аудио жазууга байланыштуу сурак берип жатышат”- дейт УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов.

Ал арада Чүй облусунун тургундарынын өкүлдөрү жана жарандык активисттер өлкөдө баш аламандык уюштурууну көздөгөн оппозиция өкүлдөрүнө катуу чара көрүлүшү керек деп билдирип чыкты.

Дал ушул оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүндө “чүйлүктөр коркок, алар эки ревоюцияда тең чыккан жок”- деп айткандары Чүй облусунун жашоочуларынын кыжырына тийди дейт Аламүдүн районуну Кой-Таш айылынын тургуну, апрель революциясынын катышуучусу Кыяз Смаилов.

Токмок шаарынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Медет Туркменов  оппозиция өкүлдөрүнүн айтан сөздөрүнө муюп, ишенген да адамдар болушу мүмкүн деген пикирин билдирди. Алардын максаты бийликке жетүү. Ар ким каалаганын сүйлөй бербөөсү үчүн өлкөдө катуу тартип болсо.

Талдоочулар Мамлекеттин  бүтүндүгүнө  шек  жараткан  бул  аудио жазуу оор кылмыш болуп эсептелет. Андыктан  буга  тиешеси барлар  жазасын алууга тийиш  деген пикирлерин айтууда. 26-мартта оппозиция өкүлдөрү Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровго баш коргоо чарасы каралат. 

С. Идирисов, Биринчи радио