Жаңылыктар
Кыргызстан ШКУга төрагалыкты өткөрүп алды
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан ШКУга төрагалыкты өткөрүп алды

Кыргызстан Шанхай кызматташттык уюумуна төрагалыкты өткөрүп алды. Циндао шаарында 10-июнь күнү  өткөн уюмдун кезектеги саммитинде президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, ШКУнун мүчө мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кийинки Саммити дагы жемиштүү өтөөрүнө ишенимин билдирди. 

Мамлекет башчы  өз сөзүндө Кытай-Кыргыз-Өзбек темир жолун куруу долбоорун тездетүүнүн  маанисине токтолуп,  Кыргызстан ШКУга төрагалык кылган мезгилде уюмдун 2025-жылга чейинки стратегиясынын алкагында иш алып барарын белгиледи. 

Жыйында чыгып сүйлөгөн мамлекет башчылары жана премьер-министрлер Кытайды ийгиликтүү төрагалык кылгандыгы менен куттуктап, Кыргызстанга колдоо көрсөтөбүз деп ишендиришти.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"