Жаңылыктар
Лейлекке өзгөчө кырдаал киргизилип, селдин зыяны такталууда
Өзгөчө кырдаал
Лейлекке өзгөчө кырдаал киргизилип, селдин зыяны такталууда

Лейлек районунда өзгөчө кырдаал тартиби киргизилип, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүп жатат. Облустук администрациядан кабарлашкандай, селден жабыркагандарга 12 чатыр тигилип, тургундар көчүрүлдү.

Азыркы тапта жеринде райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тактоо иштерин жүргүзүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча Лейлек, Катраң, Сумбула, Тогуз-Булак жана Ак-Суу айыл аймактарында бир бала бакчанын, 80 үйдүн короо-жайын суу каптаган. 

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү элден 200дөй киши тартылып, иштеп жатат. 9-июнда катуу жааган жамгырдан улам Лейлек районунун айрым айылдарында сел жүргөн. 

Анын айынан Коргон – Катраңдын 16-21-чакырымы жана Исфана – Андарак - Көк-Таш айылдарынын ички унаа жолдорунун 14-18- чакырымдарында шагыл аралаш сел жүрүп, жол убактылуу жабылган.