Жаңылыктар
Орозо айт 15-июнга белгиленди
Кыргызстан жаңылыктары
Орозо айт 15-июнга белгиленди

Орозо айт 15-июнга белгиленди. Ташкентте өткөн дин аалымдарынын жыйынында Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстанда орозо айт майрамын 15-июнда белгилөө чечими кабыл алынды. 

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан кабарлашты. 

Өзбекстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурган орозо айынын башталышы, орозо, курман айт күндөрүн тактоо боюнча тегерек үстөлгө Кыргызстан, Казакстандан дин кызматкерлери катышкан. 

Анда дин аалымдары айдын чыгуусун жана орозо айынын башталышы, айт күндөрүн белгилөөдө астрономиялык илимдин далилдери менен шарият илиминин чегинде талкуу жүргүзүшүп, бирдиктүү чечимдерди кабыл алууну макулдашты.